АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү Бородоевна [11. 03. 1950, СССР, Кыргыз ССРи, Ысык‑Көл облусу, Ак‑Суу району, Октябрь (азыркы Маман) айылы] – философия илимдеринин доктору (1998), Эл аралык Айтматов Академиясынын академиги (1994), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2018). 1973‑жылы Казак мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1973–1978‑жылдары Кыргыз Мамлекеттик Дене Тарбия институтунда, 1979–1991‑жылдары Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинде философия кафедрасында улук окутуу­чу, доцент, 1991‑жылы культурология боюнча кафедра башчысы, 1992–1993‑жылдары философия факультетинин де­каны, 1994–1996‑жылдары улук илимий кызматкер, социо­логия жана культурология кафедрасында доцент. 1996–2010-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Илим-изилдөө институтунун директору, Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасынын профессору болуп иштеген. Философия тарыхы, маданият­ таануу, манас таануу тармактары боюнча адис.
Эмг.: Древне кыргызская модель мира (по мате­риалам эпоса «Манас») Б.,1996; Духовный мир древних кыргызов. Б., 1998.