БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ
БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ – табигый жана жасалма жол менен даярдалган минералдуу сууларды оорулуунун денесин чыңдоо максатында пайдалануу ыкмасы. Бальнеологияда минералдуу сууларга түшүү (ванна, душ, бассейн, туздуу көл ж. б.) жана ичүү, органдарды «сугаруу», оозду чайкоо, ингаляция, карын жана ичегилерди жууш үчүн сунуш кылынат. Минералдуу суу ванналары жүрөк-кан тамырдын жана нерв системасынын ишин, организмдеги зат алмашууну, ички бездердин иштешин жакшыртат. Жалпы жана жергиликтүү ванна жүрөк-кан тамыр, муундардын, нерв системасынын, гинекологиялык ж. б. ооруларды дарылоо үчүн пайдаланылат. Минералдуу сууну ичкенде ооз көңдөйүнүн, карындын былжыр челинин рецепторлоруна түздөн-түз таасир этип, карын секрециясын нормалдаштырат. Минералдуу суулардын кээ бирлери өттүн пайда болушун жана алардын боордон бөлүнүп чыгышын тездетип, организмде зат алмашууну жакшыртат. Бальнеотерапияны врач сунуш кылат.