БАЛЬФУР ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 22 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬФУР ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1917) Улуу Бри­таниянын тышкы иштер министри Ж. Бальфурдун ысмынан аталган. Анда Улуу Британиянын өкмөтү Палестинада «еврей элинин улуттук очогун» түзүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. Кийин бул декларация Франция жана АКШ тарабынан таанылып, Севр тынчтык келишиминин шарттарына киргизил­ген. Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын­да Палестинаны башкарууга мандат алуу менен Британия Бальфур декларациясын ишке ашырууга жана Палестинага башка өлкөлөрдөн еврей калкынын келүү­сүн колдоого аракеттенген. Бул аракет Палестина аймагында Израиль мамлекетинин түзүлү­шү (1948) менен аяктады. Бирок бул декларация палестиналык арабдардын нааразылыгын пайда кылып, еврейлер менен арабдардын ортосунда кагылышууларга алып келген жана бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келаткан араб-израиль чыр-ча­тактарына негиз салган.