БАЛЮСТРАДА
БАЛЮСТРАДА (французча balustrade) – тепкич, балкон, терраса, чатырдын четтерин чакан бийиктиктеги балясиналар менен тосуу. Классикалык архитектурада балюстраданы көп учурда четтери бириктирилип, бийиктиги боюнча тең, тегиз узундуктагы төрт кырдуу устунчалар түзөт, кара: Парапет.

