БАЛЯН Григорий Айказович
БАЛЯН Григорий Айказович (1928-жылы туулган, Азербайжан, Шамхор району, Барум айылы) – агроном, айыл чарба илимдеринин доктору (1983), профессор (1988). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1998). Азербайжан айыл чарба институтун (1948), Бүткүл союздук тоют илим изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1952). Азербайжан ИАнын Мир-Башкир тажрыйба станциясында (1953–1956), Азербайжан дыйканчылык ИИИде илимий кызматкер (1956–1965), 1965- жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде, 1995-жылдан Кыргыз мал чарба, ветеринария жана тоют ИИИде бөлүм башчы. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана шалбаачылык боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монография, 4 ойлоп табуу жана 1 патенттин автору.
Эмг.: Прутняк и его культура в Киргизии. Ф., 1972; Кормовые растения Киргизии и их возделывание при освоении пустынь, полупустынь и степей. Ф., 1978; Культурные пастбища для овец. М., 1980.