БАНАХ МЕЙКИНДИГИ
БАНАХ МЕЙКИНДИГИ – норма киргизилген жана ошол нормага карата толук болгон вектордук мейкиндик. Польша математиги С. Банахтын ысмынан аталган. Немец математиги Д. Гильберт, француз математиги М. Фреше, венгр математиги Ф. Рисстин функционалдык мейкиндикти изилдөөлөрү (1904–1918) Банах мейкиндигинин пайда болушуна түрткү болгон. Ошолордо алгачкы жолу Банах мейкиндигинин негиздүү түшүнүктөрү изилденген. Алар: өтө жана начар жыйналуучулуктар, сызыктуу функционалдын жана сызыктуу оператордун компакттуулугу ж. б. Банах 1922-жылы бул мейкиндиктерди изилдеп, орчундуу илимий жыйынтыктарга келген. Банах мейкиндигинин проблематикасы бир нече багыттардан биригип түзүлөт. Алар: бирдик сферанын геометриясы, камтылган мейкиндиктердин геометриясы, сызыктуу топология.
Ад.: Данфорд Н., Шварц Дж. Т. Линейные операторы. Общая теория. М., 1962.