«БОИНГ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 23 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БО́ИНГ» («The Boeing Company») – АКШнын трансулуттук аэрокосмостук корпорациясы; ошол корпорация жасаган самолёттордун жалпы аты. «Боинг» гражд. жана аскер самолётторун, телекоммуникациялык спутниктерди, ракета алып жүрүүчүлөрдү, ракетага каршы системаларды иштеп чыгат жана жасап чыгарат, бүт дүйнө боюнча самолётторго техникалык кызмат көрсөтөт. Штаб-квартирасы Чикаго шаарында жайгашкан. Корпорация 1916-жылы амер. өндүрүшчү У. Боинг компания катары түзүп, 1961-жылдан азыркыдай аталат. «Боинг» бир нече өз алдынча компаниялардан туруп, бири гражд. самолёт, экинчиси аскердик (бомбалагыч, ракеталар ж. б.) техникаларды, учкучсуз учуучу аппараттарды, космостук жабдыктарды чыгарат, космостук маанидеги жабдууларга каражат берет, байланыш каражаттарын иштеп чыгат. «Боинг» фирмасынан чыккан «Боинг-747-400» (1988-жылдан чыгарылат) жүргүнчүлөр самолёту 400дөй жүргүнчүнү 125 миӊ км аралыкка 940 км/с ылдамдыкта ташууга жөндөмдүү. Учуу массасы 400 тдан ашык. Корпорацияда иштегендердин жалпы саны 159 миӊ кишиге жеткен (2005). Дүйнөнүн 145 өлкөсүндө «Боинг» самолёттору пайдаланылат.