БАРКАРОЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 23 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРКАРО́ЛА (италянча barka – кайык) – 1) венеция гондольерлеринин ырларынын баштапкы аты. Кийин кайыкта сейилдеп ырдагандагы ырлардын баары баркарола деп аталган; 2) лирикалык сезимтал обондуу, суунун толкунун сүрөттөгөн коштоосу бар романс же фортепьяно үчүн жазылган чыгарма. XVIII кылымдан баркарола профессионалдык музыка жанры катары кеӊири тараган. Ф. Шуберт, М. И. Глинка, Ф. Шопен, П. И. Чайковский жана башка композиторлордун чыгармачылыгында жана италян-француз операларында кездешет.