БАРРАНКИЛЬЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 23 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРРАНКИ́ЛЬЯ (Barranquilla) – Колумбиянын түндүк-батышындагы шаар. Атлантико департаментинин административдик борбору. Калкы 2,1 млн (2018, шаар айланасы менен 2, 6 млн). Магдалена дарыясындагы порт. Океан кемелеринин токтоочу жайы. Эл аралык аэропорту, чиркөөлөр, соборлор, университеттер, консерватория, музейлер бар. Машина куруу, текстиль, нефть ажыратуу, металл иштетүү, тамак-аш – татымал, цемент, химия, жеӊил өнөр жайы, иштейт. 1629-жылы негизделген. Шаарга жакын айыл чарба плантациялары жайгашкан. Исла-де Саламанка улуттук паркы уюшулган.