БАРСАНАЕВ
БАРСАНАЕВ Сагыналы (09. 05. 1932, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Тегене кыштагы – 05. 08. 2021, Бишкек) – тоо-кен инженери, техника илимдеринин кандидаты (1966). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1998). Москва тоо кен институтун бүткөн (1957). 1957–1960-жылдарда Таш-Көмүр тоо-кен башкармалыгына караштуу «Кара-Суу» карьеринде тоо-кен мастери, участка башчысы, башкы инженер болуп иштеген. 1960-жылдан КРдин УИАнын тоо тектердин физикасы жана механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер (1964–1973), лаборатория башчысы (1973–1997), 1999-жылдан улук илимий кызматкер, 2005-жылдан КРСУнун лабораториясында башкы инженер. 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 1 монографиянын), 2 ойлоп табуунун автору. Негизги илимий эмгектери тоо тектерди жардыруунун жаӊы ыкмаларын изилдөөгө жана аларды иш жүзүндө колдонууга арналган.