БАНТУЛАР
БАНТУЛАР – Түш. Африкада жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 200 млн адам (2020). Б. бир нече этностук топко (руанда, макуа, конго, шона, рунди, малави, зулу, коса, луба, кикуйю ж. б.) бөлүнүп, Африканын аймагындагы Сахаранын түштүгүндө жашашат. Бенуэ-конго тобундагы банту тилинде сүйлөшөт. Дини – христиан ж-а мусулман-сунниттер. Лингвисттердин ж-а археологдордун божомолдоруна караганда азыркы Б-дын ата-бабалары Камерун аймактарындагы тропиктик токой зонасында жашаган байыркы элдерден. Миграция мезгилинде Б. жерг. элдер – аӊчылар ж-а жыйноочулар (токой зонасындагы пигмейлер, Чыгыш ж-а Түш.-Батыш Африканын саванналарындагы койсан элдеринин ата-бабалары) м-н ассимиляцияланган. Миграция айрым топтордо 19-к-дын ортосуна чейин улантылган. Б. дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишкен. 19-к-да пил сөөгүнө талаптар көбөйгөндүгүнө байланыштуу аӊчылык, мындан тышкары токой балчылыгы да кошумча кесип катары маанилүү роль ойногон. Алар колониялаштыруу мезгилине чейин эле металл (жез, темир, алтын ж. б.) эритүүнү, иштетүүнү билишкен ж-а жыгачтан, сөөктөн буюмдарды көркөмдөп жасашкан. Дубалы сокмо ыкмасы м-н тургузулуп, сырты ылай шыбак, чатыры пальма жалбырактары м-н жабылган, айрым жерлерде төрт бурчтуу салынган үйлөрдө жашашкан. Кийим ордуна Б. белден ылдый тери же жазы жалбырактарды жамынышкан. 19-к-дан баштап Б-да европ. үлгүдөгү кийимдер кеӊири тараган.
Ш. Керимова
