БАНТУ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НТУ ТИЛДЕРИ – бенуэ-конгол тил тобу; Африканын борб. ж-а түш. аймагында жашаган банту элдеринин тили. Граммат. ж-а сөздүк курамы б-ча бири бирине өтө жакын, типологиялык жактан флексия элементтери бар агглютинативдүү тилдерге кирет. Ил. бантуистика 19-к-дын ортосунан өрүш алган. М. Гасринин классификациясы б-ча Б. т. 15 зонага бөлүнүп, көп сандаган тилдерден турат. Анын негизгилери: суахили (Танзания ж-а ага чектеш өлкөлөрдөгү адамдар сүйлөйт), ньямвези, сукума, кикуйю, камба, конго, нгала (лингала), луба, мбунду, рунди, руанда, ганда, (луганда), дуала, эвондо (яуенде), булу, суто, чуана, о. эле шона, коса, зулу тилдери. Суахили тилинин таралуу чөйрөсү өтө тездик м-н кеӊейип, тропиктик Африканын чыгыш бөлүгүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн калкынын өз ара байланыш каражатына айланууда.