БАРАБАН музыкалык аспабы
БАРАБА́Н (англ. drum) м у з ы к а д а – урма муз. аспап. Ичи көӊдөй, тегерек формада жасалып, бир же эки бети тери м-н капталат. Б. Байыркы убакта кабар берүүчү аспап катары да колдонулуп, бийди, жүрүштөрдү, диний ырым-жырымдарды коштогон. Дүйнө элдеринде кеӊири тараган. Айрыкча Африка өлкөлөрүндө жашаган калктардын элдик музыкасында чоӊ мааниге ээ. Үйлөмө аспаптар м-н симф. оркестрлерде Б-дын өркүндөтүлгөн түрлөрү колдонулат.
