БАРАБАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАБА́Н т е х н и к а д а – машина, механизмдер ж-а аппараттардын көӊдөй цилиндр (кээде конус) формасындагы тетиги. Б. жүк көтөрүүчү машина, буу казаны, тегирмен, кургаткыч, меш ж. б-да болот. Ал машинага орнотулуп, кезеги м-н же тынымсыз айлануучу Б., тазалоочу, кургатуучу ж-а жуугуч болуп бөлүнөт. Т а з а л о о ч у Б. калыпка куюлган тешикке жабышкан топуракты кетирүүдө, к у р г а т у у ч у Б. чубурма тек заттар м-н текстиль товарларын кургатууда колдонулат. Ж у у г у ч Б. булгаары ж-а тери өндүрүшүндөгү негизги аппараттардын бири. Булгаары өндрүшүндө терини жибитүү-ашатууда, ийлеп-өӊдөөдө, боёп-майлоодо түрдүү маркадагы Б. кеӊири колдонулат.