БАРАБА ОЙДУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРА́БА ОЙДУӉУ , Б а р а б а - Т а л а а с ы Россияда, Батыш Сибирдин түштүгүндө, Иртыш ж-а Обь д-нын аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө Кулунду түздүгүнө өтөт. Күдүрлүү түздүк (бийикт. 150 мге чейин); ага жарыш, бийик жалчалар созулуп жатат. Кайыӊ токою (түндүгүндө), саз ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Оёӊ жерлеринде 2000ден ашык тузсуз ж-а туздуу көлдөрү (ирилери: Чаны, Тандово, Сартлан) бар. Батыш Сибирдин сүт багытындагы мал чарбасы ж-а дыйканчылык өнүккөн эӊ маанилүү аймагынын бири.