БАРАКАН КҮМБӨЗҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАКАН КҮМБӨЗҮ – Тогуз-Торо өрөөнүндөгү 19-к-дын орто ченине таандык арх-ралык эстелик. Көгарт ж-а Атай суулары кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз О. Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган. Күмбөздүн жанында усталар кыш бышырган «очоктордун» орду сакталып калган. Күмбөздүн адаттан тыш өзгөчөлүгү бар. Анын казанагы «найза тегеретип» (кеӊдиги) казылып, таманына сөөк бузулбас үчүн атайылап арчанын күлүнөн калыӊ төшөлүп, шыбы (үстү) жалаӊ арча устун м-н жабылган. Күмбөзгө Тайлак баатырдын урпактары (20дан ашык) коюлган. Аялдардын сөөгүн арча м-н «көшөгөлөп» бөлүп турушкан. Ал күмбөзгө акыркы жолу (1933) ырымдап улак союлуп, Кантөрөнүн уулу Мамет болуштун (Тайлак баатырдын небереси) сөөгү коюлуп, мүрзөнүн капкагы биротоло бекитилген. Ошондон баштап Тайлактын урпактары жалпы салт б-ча өз-өзүнчө көмүлүп келет.
Т. Абдылдабеков.