БАРА КӨӨРҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРА КӨӨРҮК , т у р б о к о м п р е с с о р – борбордон четтөөчү көөрүк (компрессор). Ал үч түрдө болот: 1. Борбордон четтөөчү күчтүн таасири астында газ кысылып, Б-түн огунан четке алыстоо м-н ылдамдыкка ээ боло турган калактуу көөрүк. Мында бишкектүү көөрүккө караганда пайдалуу аракет коэффициенти жогору ж-а газ басымынын соккусу жокко эсе болот. 2. Жумушчу бөлүктүн басымын жогорулатуучу газ баралуу кыймылдаткычтын негизги агрегаты. 3. Ичинен күймө кыймылдаткычта абаны соруп, күйүү камерасына үйлөп киргизүүчү, иштетилген газды сыртка соруп чыгаруучу агрегат. Б-түн жардамы м-н ичинен күймө кыймылдаткычтын к у б а т т у у л у г у н 30%ке чоӊойтууга болот.

Кыймылдаткычтын цилиндрлерине абанын кириши
Иштетилген газды кыймылдаткычтын цилиндринен соруп чыгаруу

Бара көөрүктүн түзүлүшү


: 1 – газ берүүнү жөндөөчү бурама түтүк; 2 – газ баранын
жумушчу дөӊгөлөгү; 3 – баранын чубуртма аппараты; 4 – көөрүктүн дөӊгөлөгү.