БАРАНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРА́НСКИЙ Николай Николаевич (15. 7. 1881, Томск ш. – 29. 11. 1963, Москва) – экон. географ, коомдук ишмер. СССР ИАнын корр. мүчөсү (1939), Москва ун-тинин проф. (1929), РСФСРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1943), Соц. Эмг. Баатыры (1962). Москва коммерция ин-тун бүтүргөн (1914). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941–43) Алматыда жашап, Казакстан пед. ин-тунда эмгектенген. Ошол жылдары СССР ИАнын Казакстандагы филиалында География секторун башкарган. Москва мамл. ун-тинде экон. география кафедрасын ж-а география ф-тин уюштурган. СССРдин экон. географиясы б-ча окуу китептерди жазган. 1935-жылдан 16 жолу басылып чыккан 8-класс үчүн окуу китеби 1952-ж. СССР Мамл. сыйлыгына татыктуу болгон. Экон. география ж-а экон. картографиянын теориясы м-н методологиясы, шаардын географиясы ж-дөгү эмгектердин автору. Үч Ленин ордени ж. б. орден, медалдар м-н сыйланган. Курил а-ндагы жанар тоолордун бирине Б-дин ысмы коюлган.
Эмг.: Экономическая география. Экономическая картография. 2-изд. М., 1960; Методика преподавания экономической географии. М., 1960; Научные принципы географии. Избр. труды. М., 1980; Становление советской-экономической географии. Избр. труды. М., 1980; Моя жизнь в экономической географии. М., 2001.