«БАРБАРОССА»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БАРБАРО́ССА» (Ыйык Рим империясынын императору Фридрих I Барбароссанын атынан) – фашисттик Германиянын СССРге каршы агрессивдүү согуш планынын шарттуу аталышы. Гитлердин 1940-ж. 21-июлдагы буйругу б-ча СССРге каршы согуш ачуу планын Германиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги генерал-полковник Ф. Гальдер иштеп чыккан ж-а ал 1940-ж. 5-декабрда бекитилген. Планда сов. аскерлердин негизги бөлүгүн Днепр ж-а Батыш Двина д-нын батыш тарабында талкалоо, андан соӊ Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Донбассты басып алып, Архангельск – Волга – Астрахань линиясына чыгуу каралган. План б-ча согушту 2–3 айдын ичинде бүткөрүү белгиленген. Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн фашисттер 1941-ж. 22-июнга карата СССРдин чек арасына 5,5 млндон ашык адам, 3712 танк, 47260 ар түрдүү атуучу курал ж-а миномёт, 4950 согуш самолётун топтошкон. Бирок совет элинин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында «Б.» ишке ашкан эмес.