КОРИНФ
КОРИ́НФ – Коринф мойногундагы байыркы грек шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф шаарынан 6 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Коринфти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калктын жашагандыгы далилденген. Аны болжол м-н б. з. ч. 10-кылымда дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-кылымдарда Коринф Сиракузы, Керкира, Потидей сыяктуу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзгөн. Коринфтин коло ж-а карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда Коринфте олигархия м-н тирания бири-бирин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел м-н Периандрдын учурунда (болжол м-н б. з. ч. 657– 585) Коринф абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Коринф башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-жылдардагы Пелопоннес согушунун чыгышына Афины м-н Коринфтин эрегишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-жылдарда Коринф күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер м-н бирге Коринф согушун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–197-жылдар) Коринфти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-кылымда римдиктерге каршы грек шаар-мамлекеттеринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-жылы римдиктер Коринфти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-жылы) Коринф анын башкы шаарына айланган, бирок б. з. 395–521-жылдарда готтор талкалап, Юстиниандын тушунда Коринф кайрадан калыбына келтирилген. 1458-жылы оcмон түрктөрү басып алган. 1858-жылы байыркы Коринф жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. Коринфти казуу иши 1896-жылдан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы ж-а гректер м-н римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрларынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.