КОРО
КО́РО – Венесуэланын түндүк-батышындагы шаар. Фалькон штатынын административдик борбору. Карио деңизине жакын, Парагуана жарым аралында жайгашкан. Калкы 256,4 миң (2009; штаттагы эң ири шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1524-ж. негизделген. 1578-ж. чейин Венесуэла

провинциясынын административдик борбору болгон. Собор (1583–1634), чиркөөлөр сакталган. Шаардын
тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш (негизинен эт ж-а балык консервалары беленделет) өнөр жайы ж-а шаарга жакын өлкөдөгү эң ири нефть ажыратуучу (PDVSA компаниясынын) эки завод иштейт. Университеттер (анын ичинде Католик ж. б.), институт, китепканалар бар. Туризм өнүккөн.