КОРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 28 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РО – Венесуэланын түндүк-батышындагы шаар. Фалькон штатынын административдик борбору. Карио деңи­зине жакын, Парагуана жарым аралында жайгашкан. Калкы 265,5 миң (2020; штаттагы эң ири шаар). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1524-жылы негизделген. 1578-жылга чейин Венесуэла

Сан-Франциско чиркөөсү (16–17-кылымдардагы коңгуроосу 1900-жыл).

провинциясынын административдик борбору болгон. Собор (1583–1634), чиркөөлөр сакталган. Шаардын

тарыхый борбору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Тамак-аш (негизинен эт ж-а балык консервалары беленделет) өнөр жайы ж-а шаарга жакын өлкөдөгү эң ири нефть ажыра­туучу (PDVSA компаниясынын) эки завод иштейт. Университеттер (анын ичинде Католик ж. б.), институт, китепкана­лар бар. Туризм өнүккөн.