БАРГЕК – кыз-келиндер чачына тагынуучу же чекесине тартып кийүүчү, алтын, күмүштөн жасалган асем буюм. Зергерлер Б-ке асыл таш чөгөрүп, оюм түшүрүп, кооздогон.