КОРОЛЬКОВ
КОРОЛЬКО́В Ярослав Иванович (1843, Каменец-Подольск – 1933, Каракол шаары) – метеоролог, край таануучу, коомдук ишмер. Орус офицери (генерал-майор, 1902). Орус география коомунун анык мүчөсү (1889). Ал 1877–78-жылдарда орус-түрк компаниясына (Болгарияны Түркиянын эзүүсүнөн бошотуу) катышкан. 1880-жылы Кыргызстанга (Караколго) кызматка которулган. Мында 20 жылча тоо батареясынын командири болуп, 1902-ж. отставкага чыккан. 1881-жылдан Теңир-Тоону географиялык жактан изилдөөгө активдүү катышкан. Кыргызстанда (Караколдо) 1-метеорологиялык станцияны ачып, анда 50 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Күнгөйдөгү Чоң Ак-Суу мөңгүлөрүн (1899) изилдеген. 1907–08-жылдардагы саякатында Борбордук ж-а Батыш Теңир-Тоону аралап өткөн. Орус ж-а чет өлкөлүк илимпоздордун Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына жардам берген. Жергиликтүү эл м-н тыгыз байланышта болуп, кыргыз элинин 1916-жылкы көтөрүлүшүндө падышачылыктын колониячыл саясатына каршы чыккан. Кыргызстандын табияты жөнүндө бир катар эмгектер жазган. Корольковдун ысмынан Тескей Ала-Тоодогу мөңгү, Каракол шаарындагы көчө аталган.