КОРПУС
КО́РПУС (лат. corpus – дене, бир бүтүн) – түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин жалпы аскердик жогорку бирикмеси. Кызыл Армияда 1919-жылы атчан аскерлер, 1921-жылы аткычтар корпусу түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде Кызыл Армияда аткычтар, атчандар, артиллериялык, аба-десант, авиация, механикалашкан ж-а танк корпустары болгон. Азыркы корпустар, мисалы, АКШнын армиялык корпусу штабдан, бөлүктөрдүн түрдүү кызмат топторунан, 2–4 ж-а андан да көп дивизиядан (анын 1–2си бронетанкалык) куралып, согуш убагында талаа армиясынын курамында да, өз алдынча да аракеттене алат.