КОРСАР
КОРСА́Р (италянча сorsaro) – деңиз каракчысы. Алгач (болжол м-н 14-кылымдан) корсар Түндүк Африканын деңиз каракчыларына тиешелүү болуп, кийин бул термин кененирээк мааниде колдонулуп, «пират» ж-а «капер» терминдеринин синоними болуп калган.