КОРСИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 29 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РСИКА (Corse) – Жер Ортолук деңиздин түндүк-батышындагы арал. Франциянын департамен­ти. Аянты 8,7 миң км2. Калкы 355,4 миң (2023). Административдик борбору – Аяччо шаары. Батыш жээги аскалуу, булуң-буйткалуу, чыгышы жа­пыз, түзөң. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 2706 м, Мон-Сенто чокусу). Аралдын батыш

Корсика аралынын батыш жээги.


бөлүгү гранит, чыгышы чополуу сланец текте­ринен түзүлгөн. Жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү. 600–700 мге чейин бадал өсүмдүктөрү, андан жогору эмен, бук, мырза карагайлуу то­кой өсөт. Жемиш бактары, жүзүм, зайтун дара­гы өстүрүлөт. Аралда Аяччо, Бастия шаарлары жай­гашкан.