БАРГУЗА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРГУЗА́ КЫРКА ТООСУ Россиянын Чыгыш Сибирь (Бурятия) бөлүгүндө, Байкал көлүнүн түн.-чыгыш жээгин бойлой 280 кмге созулуп жатат. Бийикт. 2841 мге чейин. Гранит, кристаллдык сланецтен турат. Батыш капталын мырза карагай-кызыл карагайлуу ж-а күӊүрт ийне жалбырактуу тайга, чыгышын кызыл карагайлуу токой ээлейт. Минералдуу булактары бар. Батыш капталында Баргуза коругу, Забайкалье улуттук паркы уюшулган.