ЖАБГУ
ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк кагандыгында (кара: Улуу Түрк кагандыгы) колдонулган жогорку наамдардын бири. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху, еху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштапкы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, башкаруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак-кушандарда ат атооч катары колдонулуп, кийин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бумын кагандын мезгилинде Батыш Түрк кагандыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. 618-жылы Тун-жабгу каган (618–630) башында турган түрктөр Сасаниддерди жеңгенден кийин өзүнүн улуу уулу Тарду-шадды Тохарстанга (кара: Кушан падышалыгы, Тохарлар) жабгу (йабгу, yabgu) кылып дайындаган жана ал жерди 27 аймакка бөлүп, алардын башкаруучуларын бир Жабгуга б. а. түрк каганына баш ийдирген. 630-жылы Орто Азияга келген Сюань Цзандын маалыматында түрктөрдүн каганы Еху-кэхан (Йабгу-каган) деп аталган. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара: Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Бийликтин жогорку баскычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандарынан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) «Йавгу» Барскандын жанындагы бир шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (Диван лугат ит-түрк) ал шаарга жакын жердеги ашуу дагы «Йавгу арт» деп аталган.
Ад.: Julien S. Memoires sur les contrees accidentales. Traduites du Sanskrit en chinois en l'an 068 par Hiouen Thsang. Paris, 1857-1858, Т. 2; Chavannes E. Documents sur les Tou-Kiue (Turks) occidentaux. /Сборник трудов Орхонской экспедиции, вып. 6. СПб., 1903; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк (ДЛТ). /Пер., предисл. и коммент. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005.
Т. Жуманалиев.