БАРЕНЦ ДЕӉИЗИ
БА́РЕНЦ ДЕӉИЗИ – Түн. Муз океанындагы четки деӊиз. Европанын түн. жээги м-н Шпицберген, Франц-Иосиф жери ж-а Жаӊы-Жер а-нын ортосунда. Россия м-н Норвегиянын жээктерин чулгап жатат. Түштүгүндө Кара Дарбазасы кысыгы аркылуу Кара деӊизи, Горло ж-а Воронка кысыктары аркылуу Ак деӊиз м-н туташат. Аянты 1424 миӊ км2. Көп бөлүгү шельфте жайгашкан; тереӊд. 360–400 м, эӊ тереӊ жери 600 м. Суусунун көлөмү 316 миӊ км3. Жээктери булуӊ-буйткалуу, бийик, аскалуу. Деӊиз түбү кум-шагылдуу. Канин Нос ж. а-нан чыгышыраак жапыз, булуӊ-буйткалар аз. Булуӊдары: Порсангер-фьорд, Варангер-фьорд, Мотов, Кола, Печора, Чеша ж. б. Ири аралы – Колгуев. Печора д. куят. Атлантика океанынан келген жылуу агымдын таасиринен деӊиздин түш.-батыш бөлүгү тоӊбойт (суунун темп-расы февралда 3–5°С, августта 7–9°Сге жогорулайт), бирок Түн. Муз океандын муздак агымынан климаты өзгөрүп турат. Кышында түш.-батыш, жазында ж-а жайында түн.-батыш шамалдары басымдуу. Февралдын орт. темп-расы түндүгүндө –25°С, түш.-батышында –4°С; августта түндүгүндө 0°С–1°С, түш.-батышында 10°С. Жыл бою күн бүркөк болот. Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 250 мм, түш.-батышында 500 мм. Туздуулугу түндүгүндө 32–33%, түш-батышында 35%ге жакын. Суткасына 2 жолу ташкындайт (6,1 мге чейин). Деӊиздин түш.-батышы жыл бою тоӊбойт. Түн.-батышы ж-а түн.-чыгышында муз жыл бою жатат. Айрым жылуу жылдары деӊиздеги муз толугу м-н эрийт. Балык (треска, сельдь, пикша, сайда, деӊиз окуну, камбала) кармалат. Транспорт үчүн чоӊ мааниге ээ. Негизги порттору: Мурманск (Россия), Вардё (Норвегия). Голл. деӊиз саякатчысы В. Баренцтин ысмынан аталган.
Б. Мудаева.