БАРЖА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́РЖА (фр. barge) – корпусунун кыры жөнөкөй жасалган, таманы жалпак, өзү жүрбөй, сүйрөгүч же түрткүч м-н кыймылга келүүчү жүк ташуучу кеме. Суюк ж-а кургак жүк ташуучу Б. Болуп айырмаланат. Кургак жүк ташуучу Б-нын 3 түрү (трюмдуу, аянтча Б. ж-а атайын) бар. Трюмдуу Б-да кум, ташкөмүр ж. б. ташылат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 400 т дан ашык. Трюмдуу Б-нын үстү толук жабык болот. Жүк люк аркылуу жүктөлөт. Аянтча Б-нын палубасында негизинен идишке (тарага) салынган жүк ташылат. Атайын Б-га автомобиль ж-а трактор жүктөлөт, о. эле дан ташуучу, жүктү өзү түшүрүүчү Б. болот. Кургак жүк ташуучу Б. 100–500 т га чейинки жүк ташууга жөндөмдүү. Суюк жүк ташуучу Б-нын жүк көтөрүмдүүлүгү 1200 тга жетип, негизинен нефть продуктулары (бензин, май ж. б.) ташылат. Негизинен ички сууларда жүк ташуу үчүн пайдаланылат. Кырг-нда Ысык-Көлдө да Б. м-н жүк ташылат.