БОЛОНЬЯ
БОЛОНЬЯ́ – Түндүк Италиядагы шаар. Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун административдик борбору. Калкы 390 734 (2025). Маанилүү жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Машина куруу, кара металлургия, химия, фармацевтика, полиграфия, жеӊил, тамак-аш, текстиль өнөр жайы өнүккөн. Атом изилдөөнүн
Улуттук борбору, Ун-т (11-кылым; Европадагы байыркы университтердин бири), Улуттук пинакотека, Сан-Стефано, Сан-Доминико ж. б. музейлери бар. Биздин заманга чейин 6-кылымдын аягында Б. Этрусктардын (Фельсина) борбору болгон. Аты биздин заманга чейин 4-кылымдын орто ченинде шаарды басып алган бойлордун атынан аталган. Орто кылымда укук мектеби менен даӊкталган. Роман стилиндеги Сан-Стефано чиркөө комплекси (11–13-кылымдар.), жантайыӊкы курулган үй-мунаралар (11–12-кылым), готика стилиндеги палаццо (13–15-кылым.), Сан-Петронио чиркөөсү (14–17-кылым), ренессанс стилиндеги айкел порталдары (1425–38, скульптору Якопо делла Кверча), ренессанс (Бевилаква, 15-кылым) жана барокко стилиндеги сарайлар сакталган. Бул шаарда 1999-жылы бирдиктүү европалык билим берүү системасын түзүү боюнча эл аралык келишим алынган, кара: Болонья келишими.