КОСМОПЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 3 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОПЛА́Н (space plane) – бир баскычтуу кос­мос кемеси. Ал атайын адамдарды ж-а жүктү космоско алып чыгып, кайра жерге кайтып ке­лет. АКШнын «Спейс шаттл» ж-а мурдагы советтик «Буран», европалык «Гермес» чындыгында космоплан деп аталбайт. Анткени аларды космоско алып чы­гуу үчүн ракета – алып жүргүч керек. Алдын ала иштелип чыккан кыймылдаткычтуу космоплан атмосферада ж-а космосто учууга ылайыкталып, бирин­чи жолу АКШ, Англия, Германия (К. Зенгера) ж-а Японияда жасалган. Германиялыктар м-н япониялыктардын космопланы азырынча идея ката­рында, ал эми америкалык Х–30 долбоору улан­тылууда.