БОНАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:28, 3 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНАЛАР (фр. bon) – мамлекеттик казыначылык‚ айрым мекемелер жана ишканалар тарабынан чыгарылган карыз милдеттенмеси; 2) майда акча түрүндө убактылуу айланууга чыгарылган кагаз акча белгилери. Капиталисттик өлкөлөрдө казыналык боналар мамлекеттик кредиттин бир формасы болуп саналат. CCCРде 1922–1924-жылы акча реформасына чейин майда акча купюраларынын жетишсиздигине байланыштуу мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан чыгарылган. Акча реформасынан кийин боналар чыгаруу токтотулган.