АЧЫЛОВА Рахат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:18, 4 Июнь (Кулжа) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫЛОВА Рахат [30. 05. 1941, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Баткен району, Говсувар айылы ‒ 05. 03. 2015, Бишкек] ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1958), Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин (1963) Ленинград университетинин аспирантурасын (1969) бүтүргөн. 1966‒1987-жылдары КМУда социологиялык лабораториясынын, философия кафедрасынын башчысы, 1987‒1992-жылдары В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунун ректору, 1993‒1995-жылдары Кыргыз Айыл Чарба университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин (КМУУ) Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору. КРдин Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган (1995‒2000). 150дөн ашык илимий эмгектин, (анын ичинде 3 монография) автору. Алар негизинен коомдогу үй-бүлөнүн орду, аялдардын абалы, билим берүү, маданият маселелерин изилдөөгө багытталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Семья и общество. Ф., 1986; Женское образование в современном Кыргызстане. Б., 1990.