БОРБОР
БОРБОР – 1) административдик-саясий очок, мамлекеттин, бийликтин жогорку органдары, борбордук мекемелер жана ведомстволор жайгашкан башкы шаары, калктуу пункту. Айрым мамлекеттерде өзүнчө административдик бирдик катары бөлүнөт. Мамлекеттин, облустун, райондун борборлору болот. Кыргызстандын борбору – Бишкек шаары; 2) Ордонун хан, чүкө салуучу жери (тегерек сызыктын дал ортосу); 3) Бир нерсенин чок ортосу, орто бөлүгү; тегеректин борбору; 4) Бир нерсенин негизи, чордону.