КОСТЯКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 4 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСТЯКО́В Алексей Николаевич [16(28). 3. 1887, Москва облусу, Серпухов – 30. 8. 1957, Москва) – орус илимпозу, мелиорация илимине негиз салуучу. СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1933), ВАСХНИЛдин академиги (1935). Эки жолку СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1951, 1952). РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1936). Москва айыл чарба институтун (азыркы В. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы) бүткөн (1912).
Костяков 1912–19-жылдарда Россияда алгачкы гидромодулдук(тажрыйба-мелиорациялык) изилдөөлөрдү уюш­турган. Анын демилгеси м-н Пётр айыл чарба акаде­миясы, Москва суу чарба инженердик институту, 1923-жылы мамлекеттик айыл чарба мелиорация институтуна караш­туу мелиорация кафедрасы (1929-жылга чейин башчысы болгон) уюшулган. Мелиорация сис­темасын пландаштыруу, долбоорлоо ж-а куруу ыкмаларын негиздеген, сугат режимин ж-а су­гаруу жолдорун иштеп чыккан. Бүткүл союз­дук гидротехника ж-а мелиорация анализи институтуна Костяковдун ысмы берилген (1958). Эки Ленин, үч Эм­гек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.