КОСЫГИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 4 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСЫ́ГИН Алексей Николаевич [8(21). 2. 1904, Санкт-Петербург – 18. 12. 1980, Москва, сөөгү Кремль дубалына коюлган] – советтик мамлекеттик ж-а партиялык ишмер, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964, 1974). 1935-жылы Ленинграддагы текстиль институтун бүткөн. 1924–30-жылдарда Сибирдик керек­төө кооперация системасында, 1935-жылдан А. И. Желябов атындагы Ленинград текстиль фабрика­сында иштеген. 1937–38-жылдарда Ленинграддагы «Ок-

тябрьская» фабрикасынын ди­ректору. ВКП(б)нын Ленин­град обкомунун бөлүм баш­чысы, 1938–39-жылдарда эмгекчи­лер депутаттарынын Ленин­град шаардык Советинин төрагасы. 1939–40-жылдарда тек­стиль өнөр жай эл комиссары, 1940–60-жылдарда СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары, 1-орун басары, ошол эле мез­гилде 1943–46-жылдарда РСФСР ЭКСтин төрагасы.
Улуу Ата Мекендик согушта эвакуация боюнча Совет­тин төрагасынын орун басары, Харьков, Моск­ва шаарларындагы, Москва облусундагы ири өнөр жай ишка­наларын эвакуациялоо боюнча ВКП(б) БК ж-а СССР ЭКСтин, Ленинградда Мамлекеттик коргоо комитетинин уполномочени, 1948-жылы СССР финансы минист­ри, 1948–54-жылдарда СССР өнөр жай министри, 1956–57-жылы эл чарбасын пландаштыруу боюнча СССР Министр­лер Советинин Мамлекеттик экономикалык комиссиясынын төрагасынын 1-орун басары – министр, 1957– 60-жылдарда СССР Мамлекеттик планынын төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1964–80-жылдарда СССР Ми­нистрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. КПСС БКнын Саясий бюросунун (Президиумдун) мүчөсү (1948–52 ж-а 1960–80; 1946–48, 1952–53 ж-а 1957–60-ж. мүчөлүгүнө кандидат). 1961-ж. деноминацияны ишке ашырууну жетектеген. 1965-жылы өлкөнүн экономикасынын майнаптуу­лугун жогорулатуу багытында Косыгин рефор­масын иштеп чыккан. СССРдин тышкы саяса­тын жүзөгө ашырууда маанилүү роль ойногон. Индия-Пакистан жаңжалын жөнгө салууда Таш­кент макулдаштыгына (1966, январь) кол коюу­га демилгечи болгон. 1969–70-жылдарда СССР м-н Кы­тайдын ортосундагы чек ара чыр-чатагын жөнгө салууга көмөктөшкөн. Алты Ленин ордени м-н сыйланган. Ысмы Москва текстиль институтуна (азыркы Москва мамлекеттик текстиль университети), Моск­ванын бир көчөсүнө (ал көчөдө эстелиги тургу­зулган), Санкт-Петербургдагы проспектке ыйга­рылган.

Ад.: Гвишиани А. Д. Феномен Косыгина. Записки внука. Мнения современников. М., 2004; 100 лет со дня рождения Косыгина. М., 2004; Ваксер А. З. А. Н. Косыгин // История России: исследования и размышления. М., 2006.