БАРКАРОЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРКАРО́ЛА (итал. barka – кайык) – 1) венеция гондольерлеринин ырларынын баштапкы аты. Кийин кайыкта сейилдеп ырдагандагы ырлардын баары Б. деп аталган; 2) лирикалык сезимтал обондуу, суунун толкунун сүрөттөгөн коштоосу бар романс же фортепьяно үчүн жазылган чыгарма. 18-к-дан Б. профессионалдык музыка жанры катары кеӊири тараган. Ф. Шуберт, М. И. Глинка, Ф. Шопен, П. И. Чайковский ж. б. композиторлордун чыг-лыгында ж-а италян-француз операларында кездешет.