БАРНАУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРНАУ́Л – Россия Федерациясындагы шаар (1771-жылдан). Алтай крайынын адм. борбору. Обь д-ндагы порт. Калкы 631,2 миӊ (2021). Темир жол тоому. Машина куруу (мотор, буу казан, мех. пресс, транспорт, машина куруу з-ддору), жеӊил (меланж ж-а кебез-кездеме комбинаты), химия (хим. була комбинаты, шина, резина-
тех. буюмдары, асбест-тех. буюм з-ддору ж. б.), тамак-аш өнөр жайы; 6 ЖОЖ (а. и. Алтай ун-ти), 4 театр, 2 музей (сүрөт ж-а колдонмо өнөр) бар. 1730-ж. негизделген.