БАРМАК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРМАК ЫР Т́үзүлүшү – түрк элдеринин байыртан келаткан ыр системасы. Ага ар бир сапта муундардын санынын бирдейлиги мүнөздүү. Махмуд Кашгаринин «Түркий тилдер сөз жыйнагы» мына ушул ыр түзүлүшүндө жазылган. Кыргыз акындарынын ырлары көбүнесе бармак системасына негизделген. Көбүнчө ыр саптары 7, 8, 9 муундан турат (негизинен кыргыз ырында 5–15ке чейинки муундар бар).