БУЙЛАШ ХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:12, 8 Июнь (Кулжа) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЙЛАШ ХАН, Буйдаш хан (16-кылым) – казак хандарынын бири (1533–1538). Жаныбек хандын небереси (кара: Казак хандыгы). Маалыматтарга караганда 16-кылымдын 30-жылдары Казакстандын батышын Ахмет хан, борборун Тогум хан жана Жети-Суу аймагын (даректерде Моголстан деп аталат) Тахир хан башкарган. Ал көз жумган соӊ (1533), Буйлаш бийликке келген. Анын 20–30 миӊдей аскери болуп, бийлиги кыргыздарга да тараган. «Тарих-и Рашидиде» Буйлаш хандын 1533–1534-жылдары дүйнөдөн кайткан деп айтылса, айрым маалыматтарда Дербиш султан менен болгон согушта өлгөнү айтылат.

Ад.: Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. /Пер. с перс. Таш., 1996; Прошлое Казакстана в источниках и материалах. А., 1997, Сб. 1.