БАРОГРАФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРО́ГРАФ (гр. bбros – оордук, басым, grбph – жазам) – атм-дагы аба басымын үзгүлтүксүз өзү жазып туруучу прибор. Метеорол. станцияларда ж-а басымдын өзгөрүшү б-ча аныкталуучу бийиктикти үзгүлтүксүз жазуу үчүн самолёттор м-н аэростаттарда пайдаланылат. Кабыл алуучу бөлүгүнүн иштөө принциптери б-ча Б. анероиддик ж-а сымаптык болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө анероиддик Б. пайдаланылат. Анын кабыл алуучу бөлүгү мамычага бириктирилген
бир нече анероиддик кутучадан турат, к. Анероид.