КОТОВСКИЙ
КОТО́ВСКИЙ Григорий Иванович [12 (24). 6. 1881, Бессарабия губерниясы, Ганчешты (азыркы Молдавия, Хынчешть шаары – 6. 8. 1925, Украина, Одесса облусу, Овидиополь району, Чебанка кыштагы] – советтик аскер жетекчиси. 1900-жылы айыл чарба окуу жайын бүткөн. Кедей дыйкандардын талабын коргоп, помещиктерге каршы күрөшкөндүгү үчүн бир нече жолу камакка алынып, сүргүнгө айдалган. 1918-жылдан Одессада большевиктер м-н иштеп, аскердик-диверсиялык иштерди жетектеген. Молдавияда Совет бийлигин орнотууга катышкан, 1919-жылы ноябрь айында Петроградды коргошкон. Жарандык согушта атчан аскерлер бригадасынын, дивизиясынын, корпусунун командири болуп, Н. И. Махнонун, С. В. Петлюранын, А. С. Антоновдун куралдуу топторун жоготууга катышкан. Котовский – УССРдин курамында Молдаван АССРин түзүүчүлөрдүн (1924) бири. Котовскийдин аскердик талантын М. В. Фрунзе жогору баалаган. Сөөгү бальзамдалып, Бирзула шаарында (азыркы Котовск шаары, Одесса облусу, Украина) Котовскийдин ысмынан аталган мавзолейге коюлган. Үч жолу Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.
Ад.: Шмерлинг В. Г. Котовский. М., 1951; Кузьмин Н. П. Меч и плуг: Повесть о Г. Котовском. М., 1976; Ананьев Г. А. Котовский. М., 1982.