БОСПОР МАМЛЕКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 8 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОСПО́Р МАМЛЕКЕТИ , Б о с п о р – Кара деӊиздин түндүк жээгиндеги биздин заманга чейин 5-кылым – биздин замандын 4-кылымында өкүм сүргөн байыркы мамлекет. Борбору Пантикапей (азыркы Керчь) шаары болгон. Боспор мамлекетинин гүлдөгөн мезгили биздин заманга чейин 4–3-кылымдарга туура келет. Ошол учурда Боспор мамлекети Грекия жана Кичи Азия менен соода жүргүзүп, аларга негизинен дан, ошондой эле мал, балык жана кулдарды саткан. Жер ортолук деӊиз жээгиндеги мамлекеттерден өзүнө кездеме, зайтун майын, металлдан жасалган асем буюмдарды алып турушкан. Өлкөдө дыйканчылык, мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүгү абдан өнүгүп, анын экономикасы кулдардын, дыйкандардын жана көз каранды калктын эмгегин пайдаланууга негизделген. Анын шаарлары Грекия менен Кичи Азиянын шаарларына окшош болгон. Археологиялык казууларда Боспор мамлекетинин аймагынан көптөгөн шаар урандылары, храмдар, күмбөздөр, чептер, асем металл буюмдары табылган. биздин заманга чейин 2-кылымда анын социалдык-экономикалык абалы бир топ начарлаган. Биздин заманга чейин 107-жылы Боспордо көз каранды скифтердин жана Савмак башкарган кулдардын көтөрүлүшү чыккан. Көтөрүлүш басылгандан кийин Боспор мамлекети адегенде Понт падышасына баш ийип, кийин биздин заманга чейин 63-жылы Рим империясына көз каранды болуп калган. Бирок Боспор мамлекети Римге көз каранды болгонуна карабастан, өз алдынча саясат жүргүзүп, күмүш тыйындарды чыгарган жана биздин замандын 1–2-кылымында кайрадан гүлдөп

Боспор мамлекети. Алтын чөйчөк биздин заманга чейин 4-кылым Эрмитаж (С.-Петербург).

өнүгүүгө жетишкен. Боспор мамлекетинин бийлиги Херсонеске жана Крымдын көпчүлүк бөлүгүнө чейин жеткен. Бирок, ошол мезгилдеги кул ээлөөчүлүк доордун жалпы кризиси Боспор мамлекетинин да начарлашына алып келген. Биздин замандын 3-кылымында Боспор мамлекетинин аймагын варвар уруулары басып кире башташкан. 4-кылымдын аягындагы хунндардын жортуулу Боспор мамлекетинин биротоло жок болушуна алып келди.