БАРОКУХ
БАРОКУХ – тарыхый топоним, Ош ш-нын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты. Ал ад-тта 14-к-дын башынан белгилүү. Адегенде (1303-ж.) кашкарлык тарыхчы Жемал Карши «Барака» формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Б.– тоо, Ош чебинин түш.-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан хужра («таш үй») тургандыгы, анын ылдыйкысын 1496–97-ж. өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каӊылтыр ж. б. буюмдар жасалары; тоодон чоӊ булак агып түшкөндүгү ж. б. ж-дө жазат. Б. фарс, тажик тилдеринде – «Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух – тоо маанисинде). Кийин бул энчилүү ат унутулуп, тоо бара-бара Сулайман тоосу аталып калган.
С. Өмүрзаков.