БАРОМЕТР
БАРО́МЕТР (гр. bаros – оордук, салмак, metre o – өлчөйм) – атм. басымды өлчөөчү курал. Иштөө принциби б-ча суюктуктуу Б., деформациялык Б., гипсотермометрлер болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө атм. басымды катыш идиштердеги суюктук мамычасынын салм. м-н теӊештирүү принцибине негизделген сымап Б-лери пайдаланылат. Ал 2 туташ ичке айнек түтүкчөдөн турган катыш идиш. Түтүктүн биринин уз. 90 смге жакын, жогору жагы туюк. Экинчиси кыска, учу ачык, бир аз кеӊейип кетет. Түтүктүн туюк жагынан абасыз бөлүк (вакуум) калтырылып, идишке сымап куюлат. Түтүктүн ачык жагындагы сымаптын бетине болгон атм. басымдын таасиринен ж-а анын өзгөрүшүнөн туюк түтүктөгү сымап мамычасы көтөрүлүп же төмөн түшүп турат. Атм. басымдын өлчөмү түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги б-ча аныкталып, мм сым. мам. же мбар м-н туюнтулат. Катыш идиштердин формаларына карай сымап Б-лери чөйчөкчөлүү, сифондуу ж-а сифон-чөйчөкчөлүү болот (к. сүрөт).

б – сифондуу; в – сифон-чөйчөкчөлүү. 2. Станциялык чөйчөкчөлүү барометр