БАРПЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРПЫ Алыкул уулу (1884, Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Ачы айылы – 9. 11. 1949, Фрунзе) – кыргыз акындар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Кедей үй-бүлөдөн. Сегиз жашынан жерг. байлардын малын багып, он бир жашында өзбек Мадали ажынын, он төртүндө Азирети эшендин колунда кызмат кылган. Андан Макаторпоктогу тайы-журтуна качып барып, он бешинен эл алдына ырдап чыккан. Адегенде Семетей найыпты (болуштукка талапкер болгон) жандап, анан жети жыл Кара бий м-н жүргөн. Атасы дүйнөдөн өткөндөн (1904) кийин туулган жерине кайтып келген. Октябрь төӊкөрүшүнөн соӊ Түш. Кырг-нда Совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан. «Кошчу» союзунун, өз ара жардамдашуу топторунун жооптуу кызматтарында иштеген. 1920-жылдарда жарды-жалчылар к-тинин төрагасы, кийин Жалал-Абад кантонунда Чаӊгет айыл кеӊешинин төрагасына орунбасар болот. 30-жылдардын башында катуу ооруп, эки көзү жакшы көрбөй калат. Ошондон тартып коомдук турмушка жалаӊ ырчылык өнөрү, нускалуу сөз күчү м-н гана катышкан. Б-нын өз оозунан жазылып алынган маалыматка караганда ырга болгон шыгы жети-сегиз жашынан эле ойгоно баштаган. 11 жашында эле ырчылык таланты билине баштаган. Атасы Алыкул Шамырза уулу да жамактап ырдачу экен. Жаштайынан оор тагдырга туш келип, көзүнөн майып болуусу, жалпы эл, караламан калк тарткан азапты тартып, турмуштун социалдык конфликттерине аралаш өскөнү ак, караны эртерээк ажыратууга, реалдуу чындыкты түп нускасында көрүүгө өбөлгө болгон. Мындай жагдай анын чыг-лыгы табиятынан элдүүлүк, реалисттик багытта өнүгүшүн шарттаган. Ошондуктан ал «ак күмүштөн сом албайм, ак жибектен тон албайм, ар кимди барып бир мактап, ары жок ырчы боло албайм» деген адеп-ахлактык позициясын; «булбулу болбой адамдын, бууданы болбой замандын, ырчымын деп мактанба» сымак башкы идеалды; «ырчы болсоӊ, төкмө бол, ак жаандай себелеп, сөздү сөзгө кынай бил, маш зергердей чегелеп» деген эстетикалык кредону бекем тутунган. Ал түрдүү этностук топтор арасында (кыргыз, өзбек, түрк, кыпчак, төөлөс, уйгур, керейит, меркит, найман, түрктөшкөн арап, парсы, тажик) жашаган. Өнөрпоз, ырчы-шайырлардын кээ бирлери Бухара, Кашмирден (Бекназар, Нурмолдо), айрымдары Мисир, Стамбул, Кашкардан билим алышкан. Анын Кокон хандыгындагы медреселерди бүткөн акын-ырчылардын чөйрөсүндө жүрүшү көчмө сюжеттүү көркөм чыгармалар м-н диний китептер аркылуу тарап жаткан Чыгыш мад-ты, санжыра-тарых, адабий үлгүлөрүн эӊ сонун ширесин табигый түрдө эркин сиӊирип алууга жол ачып, рухий дүйнөсүн асылдандырып, тил байлыгын өстүрүп, масштабын кеӊейткен. Көп кырдуу алп акын катары кыргыз көркөм сөз өнөрү м-н акыл кенчине тереӊ кирип, бекем орун алганын иш жүзүндө таамай көрсөтүп, мезгил сынынан ишенимдүү өткөн. Учурунда аны Жеӊижок, Токтогул, Эшмамбет, кара жаак Калмырза, Калык, Коргол, Осмонкул, Ысмайылдар баалап келишсе, азыр адт, илим, билим өскөн кезде да ал көп окулуп, көп ырдалып, ургаал изилдөөгө алынып жатат; ал тууралуу түрдүү жанрда түрдүү чыгармалар жазылып, анын чыг-лыгына сүрөт, музыка, кино адистери да көӊүл бурууда. Ал улам мезгил өткөн сайын тереӊден ачылып, бийикке көтөрүлүүдө.

Б. – Аалам курулушу ж-дө ой жүгүртүп, ырдаган даанышман санатчы («Айт! Айт! десе, Ааламды айт! Аалам алга кадамдайт, түркүн өнөр чыгарган Ааламдагы адамды айт!»), чыгыш классикалык философиясынын ири өкүлдөрү м-н салыштырылып баалануучу улуу феномен. Анын «Адам», «Адамзаттын балдары», «Адамга берген өнөр ила», «Напси», «Жоомарттык», «Марттык», «Сараӊдык», «Питина», «Ач көз», «Ушакчы», «Жел өпкө», «Келесоо», «Эр жигитке сын», «Жигиттик», «Болор жигит», «Болбос жигит», «Аялдын жакшысы», «Аялдын жаманы», «Жакшы кыз», «Өзү заар, тили каар кыз», «Жакшынын жакшы билет сымбатын» аттуу ырлары адам табиятынын өзүнчө бир курамын түзөт. Ал «Аккан суу», «Күн», «От», «Жер», «Шамал», «Ажал», «Сен дүйнө», «Жар жыгылса суу бөгөйт», «Октобой мерген аталбайт», «Дүргө жетмек кайдадыр», «Төмөн, төмөн, төмөн бар», «Мөмөлүү дарак көгөртсөӊ», «Бир ооз кеӊеш», «Болот», «Болбойт», «Жакшы экен», «Менен», «Турбайбы», «Деген», «Эмеспи», «Чери жазылат», «Ынтымактуу эл», «Бул дүнүйө бейвапа», «Жырткычтар», «Бул куштардын санаты» ж. б. санат, термелеринде жарык м-н караӊгыдан, өмүр м-н өлүмдөн, ый м-н күлкүдөн, жек көрүү м-н сүйүүдөн, жашоо кумары м-н үмүтсүз шектенүүдөн, айкөл мээрбандык м-н арам жемсөөдөн турган бул дүйнөнүн өзөктүк уюлдары м-н байланыш тамырларын таамай кармап айта билген тубаса ойчул-психолог экендигин таасын далилдейт. Б. – айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн чегине жеткире өнүктүрүп, түрдүү формалар м-н күтүүсүз-күтүлүү ыкмаларга салып таймашууга ашкере машыккан чыныгы талант. Кыргыздын эӊ тандамал орошон ырчылары Бекназар, Жеӊижок, Токтогул, Эшмамбет, кара жаак Калмырза, Нурмолдолор м-н айтыштарында бул өнөрдүн эӊ жогорку үлгүлөрүн берип кеткен. Табиятынан ойчулдугун, уламалыгын, кыргыз ж-а түрк тилдүү элдердин, Чыгыш мад-ты м-н канчалык тааныштыгы бар экендигин айтыш ырларында тереӊ ж-а кеӊири көрсөтө алган. Осмонкул «Барпы аке жарышка түшсө жел м-н, жаактуу пенде жеӊбеген» чыгаан экендигин айтса, Жеӊижок «кыйындыкты тез билген, кысталышта сөз билген, актаӊдай тапкыч акын» катары баалаган. Токтогул «кынадыӊ терме, санатыӊ, сен болдуӊ менин канатым» десе, Эшмамбет «алдыӊа киши салдырбай, аксакал болуп өтөсүӊ, ырдай бер, Барпы иним, сен, ырыстуу бала экенсиӊ» деген, каражаак Калмырза «ырды кумдай иргеген, айтышууга сөз таштап, ырдашууга жол баштап, өзүм калдым балаага» деп бата берип, андан ашкан чебер акындыкты көрсө, Коргол «уккандын баарын нес кылып, үстү-үстүнө бастырып, кара жамгыр төккөндөй, каптап нөшөр өткөндөй, куюлуп турчу ырлары каптын оозун чечкендей, каалаганга жеткендей» деп андан ырдын кенин тапса, Калык «акындын Барпы тереӊи, айтыштын болчу чебери» экендигин, артыкчылыгын ашкере даана баалаган. Б. Махабат ырларын Чыгыштын Хафиз, Ша Машрап сыяктуу көсөм акындарындай жогорку деӊгээлде ырдаган улуу апыз катары мад-т тарыхында жаркын ордун калтырды. Анын «Сүйүүнү сүйүп ырдаган, сүйүүнү күйүп ырдаган» махабат ырлары өз маалында кандай популярдуу, угумдуу, жагымдуу болсо, азыр да эл арасында о. эле кеӊири тараган. «Мөлмөлүм», «Гөзал кыз», «Мырзайым», «Лөлүкан», «Гүл кыздар», «Карай көз», «Буракжан», «Ак Тартип», «Ак Жылдыз», «Ак Дилбар», «Беш көкүл», «Меӊай», «Барнайым», «Ашык жар», «Балдызжан», «Самаргүл», «Кош алма», «Конойун», «Гүлайым», «Сүйүүнү сүйүп ырдадым» ж. б. ырлары элестүүлүгү, аруу сезим, асыл ойлорго жыштыгы, өзгөчөлүгү, ар бири өзүнчө кайталангыс дүйнө, адам тагдырын алып жүргөнү м-н айырмаланат. «Кулмурза менен Аксаткын» поэмасына элдик сюжетти кайрадан иштеп чыгып, жаӊыча өмүр берген. Б. чыг-лыгы элдин рухий байлыгын бир адамдын жандүйнө стихиясына айландырып, Чыгыш мад-ты м-н кыргыз, кыпчак, өзбек мад-тын эркин туташтырып турган жандуу көпүрө болуп саналат. Ал «Пайгамбарлар жана олуялар кысасы», «Кожо Гафан Садувакас», «Муӊдук-Зарлык» сыяктуу эпикалык чыгармалар м-н Ша Машрап газалдарын, «Гөр уулу султан» дастандарын айтчу экен. Кат билбеген м-н бала чагынан диний китептер, Чыгыш акындарынын ырлары көп окулган чөйрөдө өскөндүктөн, А. Токомбаев туура белгилегендей, дили өтө сымбаттуу адам болгон. О. эле «Жанали жалгыз», «Муӊдук жана Зарлык», «Козуке менен Баян сулуу» кенже эпосторун да айткан. Б. – терме, үлгү, насыят ырларынан баштап, сатиралык саптарына чейин адам дилин тазартып, ыйман аруулугуна, калыстыкка, адептүүлүккө, ынтымакка, акыйкатка ак кызмат өтөөгө, гумандуулукка өмүр бою чакырып, ошол үчүн күрөшүп да өткөн нукура элдик таалимчи-тарбиячы катары бекем из түшүргөн акын, түгөнбөс казына. Анын кыргыз тилинин алтын фондун түрдүү маани, боёк, түс, угум, туюмдар м-н байытып, мукамдуулугун, назиктигин, ийкемин, байлыгын ашырууга зор салым кошуп келаткан жандуу таасири бар. X. Карасаевдин сөзү м-н айтканда, «кызылдай эле кенч» («Даанышман акын Барпы Алыкул уулу». Б., 1995). Б. эки доор, эки түзүлүш көрүп, эки түрдүү турмушту башынан өткөргөн. Анын чыг-лык жолунун бир кыры Совет бийлигине туш келет. Замандаш өнөрлөштөрү сыяктуу эле жаӊы заманды, соц. курулуштун жүрүшүн ырга салган. Өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуштун трагедиясы тууралуу ырлары чыныгы реалист сүрөткердин талантынан жаралганы көзгө түшүп, көӊүл бургузат. Өзүнүн ички турмушун, жекече тагдырын чагылдырган ырлары да арбын. Анын акыркы эки томдугу чыныгы текстологиялык изилдөөдөн өткөрүлгөн. Кырг-нда кыштак, мектеп, шаар көчөлөрүнө анын ысмы коюлган.
Ад.: Барпы. Изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор. Б., 1994; Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988; Даутов К. Алп кырдуу алп акындын дүйнөсү. Б., 2004. К. Даутов.