БАРСКАН шаары
БАРСКАН , Б а р с х а н – о. кылымдагы (8–13-к.) шаар. Ысык-Көлдүн түш.-чыгышынан орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш м-н Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханид ж-а кидан мамлекеттеринин саясий, экон. ж-а маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. Б. шаары тууралуу алгачкы маалымат 9-к-да жашап өткөн Ибн Хордадбектин эмгектеринде кездешет. Анда Чыгыш ж-а Батыш Түркстанды байланыштырган соода жолунун боюндагы шаарлар, калктуу пункттарды толук атап, Тараз ш-на жакын жердеги Төмөнкү Б., ал эми Ысык-Көлдүн тескейинде Жогорку Б. калаасы жайгашкандыгы айтылат. 10-к-да өмүр сүргөн араб географы Ибн Жафардын Б. шаары төрт ири, беш чакан эл жашоочу пункттардан турган деген маалыматы да бар. Махмуд Гардизинин (11-к.) ж-а дагы бир автору белгисиз тарыхый булактарда шаар карлуктардын ордосу болгондугу тууралуу айтылат. Анын бийлөөчүсү Манака, айрым маалыматтар б-ча Тегин Барскан деп да аталган. Шаар башкаруучу карлуктардан чыкканы м-н карапайым тогуз огуздарга да колдоо көрсөтүп турган. Жазма даректер б-ча шаардын гүлдөгөн мезгили 10–12-к. аралыгы болгон. Ошол мезгилде шаар Улуу жибек жолунун боюндагы ири соода борборуна айланган. Анда 3000дей түтүн эл жашаган. Б-да туулган улуу түрк окумуштуусу Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Б. шаарын да түшүргөн. Шаар монголдордун жапырыгынан талкаланган.
Ө. Осмонов.