БАРСКАН – темирчилик устаканасында колдонулуучу чоӊ балка. Темирден төрт чарчы көлөмдө жасалып, жыгач сап сапталат. Элибизде «Балкачынын миӊ урганы – барсканчынын бир урганы» деп айтылгандай, Б. устачылыкта темирди ийге ылдам келтире алгандыгы м-н балкадан айырмаланат.